
Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болот. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Мариповдун талапкерлигин жактырды.
Улукбек Мариповду депутаттарга тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев тааныштырды.
Эскерте кетсек, Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 5-майына чейин өкмөт башчы кызматын аркалап келген.
- 24.01.2022