
Кечээ, 6-мартта Украинадан Молдова – Румыния – Болгария каттамы аркылуу келе жаткан Кыргызстандын 45 жараны Түркиянын чек арасынан өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчичи Идрис Кадыркулов “Фейсбук” баракчасына жазды.
“Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин куратору М. Енков менен телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, ал кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Болгариянын аймагы аркылуу Кыргызстандын жарандары үчүн “жашыл коридор” берилгенин билдирди”, – деп жазган элчи.
Ал белгилегендей, бүгүн Молдовадан дагы 25 киши автобус менен Түркияга кетишет. Ал жерден бардык жарандар жол жүрүү документтерин ала алышат.
- 07.03.2022