Украинада өзгөчө абал режимин киргизүү пландалууда

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Жогорку Рададан Донецк жана Луганск облустарынан башка өлкөнүн бардык аймактарына тезинен өзгөчө абал режимин киргизүүнү сурады.

Кеңештин катчысы Алексей Даниловдун билдиришинче, Донецк жана Луганск облустарында Бириккен күчтөрдүн операциясы жүрүп жатат, ошондуктан ал жакта өзгөчө укуктук режим бар.

23-февралда Украинада резервдеги аскерлерди чакыруу башталган. Ага офицерлерден тартып сержант курамындагы 18ден 60 жашка чейинки кишилер кирет.

Украинанын Ички иштер министрлиги орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Орусия, Беларус менен чектеш аймактарга, мындан тышкары деңиз жээктери менен жалгашкан райондорго “кошумча убактылуу чектөө режимин ” киргизген.

Украина Копсуздук кызматы Харьковдогу чек арада Орусия аскерлеринин кыймылын жана маневрларын тактап жатканын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Орусия ал жакта аскерлерин көбөйтүүдө.

Шаршембиде Украина Тышкы иштер министрлиги жарандарын Орусияга баруудан кармануу жана ал жактан тезинен чыгып кетүүгө чакырды.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.