
9-май күнү Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Украинада өткөн “Өлбөс полк” жүрүшүндө башаламандык чыкты. Маалыматка ылайык, жүрүшкө 3 миңге жакын киши катышкан.
Алар “Арсенальная” метро станциясынан “Данк” аянтын көздөй баратканда, белгисиз кишилер тарабынан газ чыгаруучу граната сыяктуу балондор ыргытылды. Окуядан жүрүштү көзөмөлдөп бараткан тартип сакчыларынан бирөө жараат алганы айтылууда.
Кийинчерээк чабуул “Украиналык ултучулдар уюму” тарабынан жасалганы маалым болду. Ошондой эле, окуя болгон жайда алардын кеңсеси бар экени да аныкталды. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлө баштады.
- 10.05.2017