УКМК: “Соцсервис” ишканасынын мурдагы директору кармалды

“Санариптик Кыргызстан 2019-2023” долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылы Өкмөт тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 миллион 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бирок, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлиги) кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ырасталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 2-февралында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору “А.А.” кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштер жүргүзүлүүдө жана келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон аудитордук текшерүүлөр белгиленди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.