УКМК сот системасындагы коррупциялык схемаларды аныктады

Сот тутумундагы көп сандаган коррупциялык схемалар ачыкка чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, сот системасын маанилүү, заманбап шарттарда санариптештирүү жана өнүктүрүү багытындагы иштерди жүргүзүүдө республиканын сот тутумундагы коррупция жана системалуу ири өлчөмдөгү уурдоо фактылары аныкталган.

Натыйжада аталган коррупциялыык иштерге Жогорку соттун жетекчилигинин жана анын алдындагы Сот департаментинин, «Адилет сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталган.

“Жогорудагы адамдардын тобу «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жасалма кабыл алуу актыларына кол коюу жана ири өлчөмдөгү акча каражаттарын “которуп алуу” менен коштолгон сот отурумдарын аудио-видео жазуу, автоматташтыруу жана аларды жаздыруу үчүн аппараттык-программалык комплексти сатып алуу процесси да коррупцияга дуушар болгон.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгондор.

Белгилей кетсек, тергөө учурунда 18 млн 988 миң 553 сом материалдык чыгым аныкталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке толугу менен кайтарылды.

Азыркы учурда УКМКнын сот системасындагы жана башка мамлекеттик органдардагы ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралары улантылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.