УКМК: Жалал-Абаддан Сирияга кеткендердин саны 100дөн ашты

УКМК Сирияда жалалабаддык 133 адам жүргөнүн маалымдады. Анын 111ин эркектер түзөт. Маалыматка караганда, көрсөткүч 2015-жылга салыштырганда 46 учурга көп. Мурдагы жылы Сирияга 87 адам барган болсо, былтыр 30 пайызга өскөн. Алардын 13нө кылмыш иши козголуп, 17сине айып тагылган.

Кыргызстанда диний экстремизмдин жетимиштей очогу бар.  Өлкө боюнча 600гө чукул адам Сирияда жүрөт. Алардын арасында 14ү үй-бүлөсү  менен чогу кеткендер  .

Бул Жалал-Абад облусунда 2017-жылы аткарыла турган иштердин планын бекитүү боюнча өткөрүлгөн жыйында айтылды. Жарандарды азгырыктан кайтаруу максатында бардык муниципиалдык ишканаларга “Коопсуз ордо” долбооруна кошулуу  тапшырмасы коюлду. Анда өлкөдөн сыртка чыгып кеткен жарандарды каттап, ал жөнүндө толук маалымат камтылат. Азыр “Коопсуз ордо” Жалал-Абад облусу боюнча Таш-Көмүр шаарында гана иштеп жатат.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.