УКМК: Райымбек Матраимов суракка чакырылды

Бүгүн, 29-ноябрда, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Райымбек Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган жалпы жагдайлар боюнча суралаары маалымдалды.

Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында аталган жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.