УКМК: Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип чет элдик жаран кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, кармалган М.Д.А. өз өлкөсүндөгү кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, жергиликтүү тургунга никеге туруу аркылуу мыйзамдаштыруу жана кийин жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн издеп жүргөн.

Кармалган чет элдик жаран Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда чет мамлекеттердин тиешелүү компетенттүү органдары менен биргеликте, кармалган адамдын чет өлкөдө жасалган кылмыштарга катыштыгы бар экендигин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.