
Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда маалымдалгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык») каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде «У.М.» кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
УКМК жарандарды социалдык тармактарда таратылып жаткан өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, кызыкдар күчтөрдүн Кыргызстандагы туруктуулукту бузуу аракетине «оң келүүчү» ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.
- 09.02.2022