УКМК: Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана “Авангард-Строй” компаниясынын жетекчиси кармалды

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну контролдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалышты.


Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөндүгү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 млн 607 миң 669 сомду негизсиз которгондугу аныкталды.


Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Кармалган “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Т.Т.С.” Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.


Азыркы учурда колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.