УКМК “Альфа телекомдо” мыйзам бузуу фактысын аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Альфа Телеком» мамлекеттик байланыш операторунун коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында, атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен аталган мекемеге эл аралык трафикти мыйзамсыз жеткирген фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А», жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелеком» ЖАК кызматкери «Н.О.Т» кармалды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде, Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана “SIMBOX!, «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК 3 миңдей сим-карталары табылган.

Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» компанияары келтирген зыян такталып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.