Ухань: Ооруканаларда вирус менен жабыркаган бир да адам калган жок

Коронавирустун очогу болгон Ухан шаарындагы ооруканадан 12 адам чыгарылды. Аталган шаардагы ооруканаларда коронавирус менен ооруган бир дагы адам калган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кытайдын Гигиена жана саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Ми Фэнгдин айтымында, мындай натыйжага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан ушул шаарга жиберилген дарыгерлердин талыкпаган эмгеги себеп болгон.

Коронавирус эң алгач Ухан шаарында 2019-жылдын декабрь айынын аягында катталган. Бул вирус Кытайдан тышкары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кенен кулачын жайды. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.

Google Өзбекстанга 85 миң евро салык төлөдү

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.