Учурда өлкөдө азык-түлүккө муктаж 96 миң үй-бүлө бар

Өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 96 миңди түзөт жана алар учурда азык-түлүк жардамына муктаж. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Министрликтен маалым болгондой, муктаж адамдарга учурда керектүү тамак-аш продукциялары жеткирилип жатат.

“Учурда азык-түлүккө муктаж болгондор көп, ага карабай өкмөт аярлуу катмардагы мекендештердин баарына жардам берүүгө аракеттенүүдө. Азыркы абалдан улам, көптөгөн жарандарыбыз жумушсуз калганын да билебиз. Андыктан, тамак-ашка муктаждыгы барлар да бизге 1227 номуру аркылуу байланышып, социалдык-психологиялык жардамдарды алса болот”,-деди Солтонбекова.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.