Убайымга салган унутчаактык

Акыркы убакта жарандар арасында унутчаактыкка кабылгандардын көбөйгөнү байкалууда. Дарыгерлер бул илдеттин шарттуу түрлөрүнөн (альцгеймер оорусу, инсульттун таасири) айырмаланып, күнүмдүк маалыматтардын көптүгү жана анын адамга терс таасири себеп болуп жатканын айтышууда. Тагыраагы, стресс, депрессия эс тутумдун начарлашына алып келет.

Бул макалада унутчаактын белгилери, алдын алуу жана эс тутумду калыбына келтирүү жолдору жөнүндө баяндап беребиз.

35 жаштагы Назгүл (аты өзгөртүлдү) иштебейт, балдары менен үйдө. Анын үйүндө туугандарынын эки студент кызы кошо жашайт. Каарманыбыз бир ай мурун аларды өзүнүн унутчаактыгынын айынан капа кылып алганын айтты. Тагыраагы, зер буюмдарын кайсыл жерге койгонун эстей албай, кыздарды “силер алдыңар” деп айыптаган.

“Ага чейин дагы үйдө акчаны кайсыл жерге катып койгонумду эстей албай аябай издегенбиз. Ошондо кыздар жыйылып турган төшөнчөлөрдүн арасына койгон экенсиз деп таап беришкен эле. Кийин көп өтпөй эле алтын шакек, шурумду таппай калдым. Мунун айынан жаш кыздар зер буюмдарга кызыгып алса керек деп ойлоп, шек санадым. Ортодо пикир келишпестик  болгондуктан башка батирге чыгып кетишти. Көрсө, тойго кийген кийимимдин чөнтөгүнө салып койгон экенмин”, -деди Назгүл.

Эс тутумду начарлатуучу себептер:

  • Альцгеймер оорусу – эс тутумдун бузулушу. Адатта бул ооруга 60-65 жаштан жогорку курактагы адамдар чалдыгышат. Себеби бул куракта мээге “амилоид” белогу топтоло баштайт жана мээдеги клеткалардын айрым бөлүктөрү иштен чыгат. Бул адамды бара-бара унутчаактыкка жетелейт.
  • Инсульт илдети. Инсульт болуп ооруган адамдарда мээдеги клеткалар өлүп, эске тутуу жөндөмү начарлайт.
  • Баш мээден оор жаракат алуу да унутчаактыкка алып келет. Анткени мээнин кан айлануусу мурдагыга салыштырмалуу начарлайт.
  • Курамында спирти бар суусундуктар менен тамеки дагы эс тутумду начарлатуучу негизги куралдардын бири.
  • Стресс, депрессия. Мындай абал тынчсыздануу, кыжырданууну жаратып, эс тутумга доо кетирет.

Невропатолог Фарух Эркинжон уулу эс тутумдун начарлашы – илдеттин бир симптому катары эсептелгендиктен, ооруканаларда статистика эсептелбей турганын айтты. Бирок, турмуштагы түрдүү кырдаалдардын айынан стресске түшүп, унутчаактыктын жеңил түрүнөн жабыркагандар көбөйүүдө. Себеби адам стрессте болгон учурда, айтылган жаңы маалыматтарды эстеп кала албайт. Дарыгерге өткөн жылы ай сайын 10го жакын жаран кайрылса, учурда келгендердин саны 15-20га жетет. 

“Унутчакктыктын көзгө көрүнө турган белиглери жок. Бирок, негизги белгилерин өзүңүз байкайсыз. Маселен, үйдө буюмуңузду койгон жеринен таппай калышыңыздан, бирөөгө айтчу сөзүңүздү эстей албай калышыңыздан улам байкасаңыз болот. Ошондой эле сиз бир ырды мурда 5 мүнөттө жаттасаңыз, азыр аракет кылганыңызга карабай жарым саат коротуп калдыңыз. Бул дагы эс тутумдун начарлашынан кабар берет. Анан келген жарандарда эс тутумдун начарлашына кайсыл бир оору себеп эмес, басымдуусу стресстин айынан же телефонго көп убакыт коротуп, жатышканы аныкталат”.

Психиатр Нурбек Нурбай уулу интернетти ашкере колдонуу дагы унутчаактыкка себеп экендигин айтты. Мындайда адам күн сайын мээсин керек эмес маалыматтар менен толтуруп, айрымдары ошол эле стресске түшүүсүн шарттайт. Анын кесепетинен китеп окуп турууну, акылды өстүрүүнү токтотуп коюшат. Эс тутумду жакшыртуу үчүн адам өзүн өнүктүрүп туруу маанилүү.

Нурбек Нурбай уулу

“Медицинада унутчаактыкка кабылгандарды айыктыруучу дары-дармектер бар. Бирок, адам стресстен чыкпаса дары убактылуу гана таасир этет. Негизгиси оорунун алдын алуу зарыл. Антпесе илдет жеңил түрүнөн күчөп, башка оорулардын дагы келип чыгышына алып келиши ыктымал. Ошондуктан ар бир адам өз жашоосунда туура тамактанууну, физикалык активдүүлүктү, интеллектуалдык көнүгүүлөрдү аткарууну адатка айландырганы жакшы”,-деди  Нурбек Нурбай уулу.

Кырдаалга туура анализ жүргүзүү стресстин алдын алат

Психологияда жашоо 10 пайыз гана түрдүү кырдаалдардан турат деп айтылат. Ал эми ал окуяны кабыл алуу 90 пайыз адамга байланыштуу. Психолог Гүлнара Омкошева жарандар кандай кырдаалга туш болсо да аны туура кабыл алуу менен анализ жүргүзүүнү сунуштайт. Бул ыкманы өздөштүргөндөр стресске азыраак туш болот.

Ал эми стресстен чыгуу, алдын алуу үчүн биринчи кезекте толук кандуу уктоо абзел.Чоң адамдар 6, жаш балдар 8 сааттан кем эмес эс алуусу керек. Мындан тышкары, спорт менен машыгуу же күн сайын таза абада сейилдөө дагы кайгы-капачылыктан арылтат. Өз кезегинде позитивдүү ой жүгүртүп, күндү жакшы маанай менен баштоо дагы маанилүү.

Гүлнара Омкошева

“Мисалы кээ бир адамдар китеп окуганда стресстен чыгып кетиши мүмкүн. Ал эми айрымдары эмгек терапиясынын негизинде короо тазалап, жумуш аткарса жардамы тиет. Музыка терапиясы бар. Мында жарым сааттай музыканын ыргагына жараша дене менен түрдүү кыймыл аракеттерди жасаса болот. Анан бизге келген адамдарды аябай кыйкыргыла дейбиз. Ошондо стресс чыгып кетет. Дем алуу техникасы дагы стресстен чыкканга аябай жардамы зор методикалардын бири. Мисалы адам терең дем алат, кармайт жана чыгарат”.

Жарандарга акысыз психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Бишек, Чүй, Жалал-Абад жана Ош шаарларында “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” иштеп жатат. Мында жарандарга акысыз психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Ош шаарындагы борбордо беш психолог бар. Алар стресс, депрессиядан жабыркагандарга реаблитация, сүрөт тарттыруу жана ар кандай тесттердин негизинде консултатциялык жардам беришүүдө.

Алтынай Абдышева

“Адамдар өзүндө болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып бергени – өзүнчө терапия. Себеби бизде шаар кичине. Башкаларга айтсаң, артыңдан сөз ээрчийт деп коркосуң. Ал эми бизде башкы эрежелердин бири бул – кайрылгандардын өздүгүн ачыктабайбыз. Ошондуктан бизге келгендер бүт көйгөйлөрүн айтып, жеңилдеп калышат. Депрессия, стресстемин дегендер 6-10 сеанска келип, жашоосу кыйла жакшырат. Маселен, ачык түстөгү кийимдерди кийип, өзүн алып жүрүүсү дагы өзгөрөт”,-деди борбордун психологу Алтынай Абдышева.

Борборго жыл сайын психологиялык кеңеш алууга келгендердин саны өсүп жатат.

Сергек жашоо көйгөй, оорулардын алдын алат

Алима Ашимова 65 жашта. Ал күн сайын физикалык көнүгүүлөрдү жасап, туура тамактанып, ден соолугуна кам көрөт. Беш жылга жакын убакыттан бери тай-цзи менен машыгууда.

Каарманыбыз тынымсыз кыймыл аракетте болуп, сергек жашоого аракет кылгандыктан түрдүү илдеттерден алыс. Ошондой эле стресс, депрессиянын алдын алуу үчүн бат-баттан жаратылыш койнуна чыгып эс алууну адатка айландырган.

Алима Ашимова

“Тай-цзи менен машыгып баштаганга чейин күн сайын таңкы саат беште туруп, таза абада чуркайт элем. Азыр болсо ар бир күнүм таңкы саат алтыда машыгуу менен башталат. Тай-цзи боюнча командада эң улуусу менмин. Ошондой эле, куурулган тамактарды дээрлик колдонбойм. Кайнатылган азыктарга жана жашылча-жемиштерге басым жасайм. Анан сөзсүз ар жуманын бир күнү ачка жүрөм. Кыйналып баратсам суу ичем, болду. Шүгүр, мындай жашоом менен коронавирус сыяктуу жугуштуу ооруларга да чалдыкпадым”,-деди Ашимова.

Өзүн өнүктүрүү эс тутумду жакшыртат

Эс тутумдуу өнүктүрүү боюнча тренер Нуристан Марат уулу күн сайын өзүн өнүктүрүү боюнча көнүгүүлөрдү жасап, керексиз маалыматтарга убактысын коротпойт. 25 жаштагы каарманыбыз ушул күнгө чейин 500дөн ашуун китеп окуган. Ал эс тутумду өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын атынан дүйнөлүк официалдуу рейтингде 447-орунда турат.

Каарманыбыз акыркы рекорддук көрсөткүчтөрүнүн бири катары түрдүү 26 сүрөттү бир мүнөттүн ичинде эстеп калууга жетишкенин айтты. Ал эми күнүмдүк эрежелеринин бири суткасына 20 беттен кем эмес китеп окуйт, уюлдук телефонго өтө аз убакыт коротот. Ошондой эле, дүйнөлүк сайттардын эс тутумду өнүктүрүү көнүгүүлөрүн жасап турат.

Нуристан Марат уулу

“Уйкудан тургандан соң 500 граммдан 700 граммга чейин суу ичем. Себеби организмдин 85 пайызы суудан турат. Демек, организмде канчалык суу көп болсо, биздин кан айлануубуз ошончолук тездеп, мээдеги нейрондор ошончолук тез иштеп, адам чарчабайт. Жумушка баратканда ар бир кадамымды эсептеп барганга аракет жасайм. Анткени, бул ойдун бир жерге топтолуусуна таасирин тийгизет. Жумушка барганда чарчап, кыйналбайм. Себеби, мээм чоң көлөмдөгү маалыматтарды кабыл алууга даяр болуп калат. Анан кечиндеси үйгө келгенде 25-30 бет китеп окуп жатам”.

Башкы сүрөт интернеттен алынды

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.