
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын арасында сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен тастыкташты.
Ага ылайык, сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат таратылат.
Кыргыз жараны Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан.
Бүгүн, Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингени белгилүү болду.
- 06.07.2021