Туркия Кыргызстанга материалдык-техникалык жардам көрсөттү

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техника берилди. Бул туурасында Коргоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, байланыш каражаттары, автомобиль техникалары сыяктуу аскердик багыттагы продукциялар Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилди.

Техникаларды өткөрүп берүү иш-чарасына КР коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР КК Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Аземдин жүрүшүндө Т.Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.