“Тоодон тоого көчүрүп койгудай памирликтер мал эмес”. Ооган кыргыздары Динаранын көзү менен

Памирдин бийик тоолорунда дүйнөдөн бөлүнүп жашаган анча чоң эмес түрк этносу – Памир кыргыздары жашашат. Алардын саны эки миңдей. Памир кыргыздарынын обочолонуп жашашына жол алыстыгы жана райондун тоолуу аймакта жайгашканынан сырткары Ооганстандын Тажикстан, Кытай жана Пакистан менен чек арасындагы катаал административдик режим да таасир этет. Памир экспедициясынын катышуучусу Динара Каныбек кызы ооган тоолорунда жашаган этникалык кыргыздардын жашоо-тиричилиги тууралуу “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайнга” айтып берди.

Динаранын Памирге болгон сүйүүсү магистратуранын биринчи курсунда эле жаралган. Ал кезде магистрдик темасын тандашы керек эле. Динарага дүйнөдөн бөлүнүп жашаган жамааттар жакчу. Аны мындай топтордун түзүлүшү, “чоң”дүйнөдөгү окуялар алыскы жамаатарга таасир тийгизеби, тийгизсе кантип деген суроолор кызыктырды.

Анын үстүнө ошол кезде ММКларда ооган кыргыздары тууралуу көп сөз болду. Алар чындап эле калган дүйнө менен байланышсыз жашагысы келеби же аралашып кетүүнү каалашабы? Динараны ушул суроо да кызыктырып турду. Топтолгон суроолорго жооп табуу үчүн Динара Памирге баруунун жолдорун издей баштады.

– Кыялымды орундатууга болгон чексиз далалатымдан Памир чокусу түшүрүлгөн татуировкам да бар. Ал жакка жалгыз барам деп да жүрдүм. Ооганстандын элчисине бардым, 25 жаштагы мага ал ата-энеңден уруксат керек деп эсимди оодарды. Мен ата-энемден уруксат ала албашымды түшүнүп турдум, анткени атам каршы эле. Бирок ушундай анча чоң эмес тоскоолдук мени токтото алмак эмес… – дейт Динара.

Кыргызстандан Ооганстандын  Улуу жана Кичи Памирине аттанган экспедициянын катышуучусу болуу бактысы Динарага буйруптур. Өкмөт этникалыкк кыргыздарга гуманитардык жүк менен дарыгерлер тобун жиберди.

– Мен ал жакка, чынында, оомат ооп кошулуп калдым. Социалдык тармактардагы миграциялык кызматтын баракчасынан ооган кыргыздарына гуманитардык экспедиция тууралуу окуп калдым. Экспедицияга кошула аламбы деп дароо чалдым. Бир нече жолугушуудан кийин мени кабыл алышты. Тизмеге кошулгандан сапарга чейин туура эки жыл өттү. Чынын айтсам, менин Памирге болгон саякатым ишке ашпайт окшойт деп ойлоп баштагам, – дейт Динара.

Өткөн жылдын октябрында экспедиция ишке ашты. Тилекке каршы, Динара ал жакта өзү каалагандай бир ай жүрө албады, бирок Памир кыргыздары менен алгачкы таанышуу орундалды…

– Акыркы мүнөттөргө чейин эки жылдан берки кыялым ишке ашканына ишене албай турдум. Ошко келип паспортумдагы ооган визасын көргөндө гана ишендим.

“Дүйнөнүн чокусундагы” кыргыздар

Анан дүйнөнүн эң кооз жолу – Памир тракты менен сапар башталды. Жол тандабастын айнегинен көз жоосун алган Каракөл көрүнүп жатты. Кийинки токтогон жайыбыз – Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдук областынын административдик борбору – Мургаб болду. Ал деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан, совет доорунда эң бийик тоолуу район деп эсептелчү.  Акыры экспедиция Памирге да жетти.

– Памирдин тоолору керемет. Тоого чыксаң, колуң асманга жетчүдөй. Ал көңтөрүлгөн океан өңдүү. Аябай кооз.

Көп өтпөй экспедиция тажик-ооган чек ара заствасына жетип, аларды ооган кыргыздары тосуп алышты.

Алар “Тазасызбы?” дем амандашканда “Саламатсызбы?” дегенге көнгөн кыргыздарга кызыктай угулат экен.

– Заставадан аркы жол жакын эмес эле. Биринчи токтой турган жерибизге түндө жеттик. Конокторду тосуп алуу түйшүгү башталды. Мен болсо ар кайсы сүрөт, видеотасмаларды көрүп жүргөн адамдар менен батыраак таанышууну самап турдум. Көпчүлүктөн качып, кошуна боз үйгө кирип, ал жакта Умулгүсүн менен тааныштым. Ал бешиктеги бир айлык баласын терметкенче тамеки тартып отуруптур.

Памирде аялдардын басымдуусу тамеки чегет, бул уят деп эсептелбейт. Алар негизинен Кытайдан алынып келинген тамекини колдонушат.

Дүйнөдөн обочолонгондор

-Кыргызстанда биз ачык коомдо жашайбыз. Бизде анык бир класстык бөлүнүү жок, башкача айтканда, сенин кандай төрөлгөнүң келечгиңди аныктабайт. Сиз өз аракетиңизге жараша тоскоолдоуктарды басып өтүп, бир нерсеге жетише аласыз. Памирде андай эмес. Мындагылардын дүйнөдөн обочолонуп жашашынан улам андай төңкөрүштүк маанай жок. Бул жакта көп нерсе жогортон берилген деп кабылданат.

Мен бир да телевизор көргөн жокмун. Бирок бир кыштонун чатырынан спутник табагын көрдүм.

Түнкү жарык үчүн күн батареяларын колдонушат. Мениче аларды соодагерлерден же жакынкы айылдардан, Ооганстандын шаарларынан сатып алышат. Мындан сырткары бул жакка күн батареяларын ван кыргыздары менен мурдатан иштеп келген эл аралык уюм алып берген.

Ооганстандагы кыргыздар өз алдынча жашашат. Бай эмес адамдардын ал тургай документтери да жок. Ушул эң башкы көйгөй.

Улуттук  салттардын жана турмуштун өзгөчөлүктөрү

Мындагы климаттык шарттар аябай катаал. Деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте тоо тундрасы башалат. Кой менен топоздор жей алчу катуу чөптөр гана өсөт. Ал жактан бир да дарак көрө албайсыз.

Дал ушул климаты, тооолуу шарты жана башкалардан обочолонуп турушу турмуш-тиричиликке таасирин тийгизди. Ооган кыргыздары топоз, төө жана кой гана кармашат. Башка жаныбарлар мындай бийиктикке ыңгайлашкан эмес.

Мен ал жакта ажатканалар кайда жана кантип уюштурулганын көрө албадым. Таңкы бети-кол жуу адатын да байкабадым…

Памирде ичүүчү суу көйгөйү жок. Кыштоолорго жакын жерде дарыя бар, ошону колдонушат.

Боз үйдө жылуулуктун негизги булагы – меш. Ал ортого коюлуп, морусу түндүктөн чыгат. Ошол эле меште тамак да бышат.

Азык-түлүк үчүн эсептешүү адатта айыр баштоо менен жүрөт. Керектүүнү малга алмаштырышат. Бай ооган кыргыздарында мотоциклдер бар. Мисалы, эгер жаңылышпасам, бир мотоцикл 12 койго бааланат.

Ал жакта “сүйүү” деген түшүнүк жок. Бир эле “менде кой бар, сенде кыз бар” деген принцип менен жашашат. Андыктан көпчүлүк жигиттер үйлөнө албай жүрүшөт. Эң аз дегенде жүз кой калың талап кылынат. Кедей үй-бүлөлөр алмаштырууга барышат: кызын калыңы жок эле бир үй-бүлөгө берет да, ал үйдүн кызын калыңы жок өз уулуна алып берет.

Эркектер ал жакта нике шакегин тагынышпайт. Анын ордуна кооз баш кийим кийишет. Күйөөгө чыккан кызды аныктоо эң оңой – турмушка чыга электер кызыл жоолук салынышат. Турмуш курган соң аны акка алмаштырышып, жоолукту башынан түшүрүшпөйт.

Памирде көп аял алуу адаттагы көрүнүш. Оокаттуу ооган кыргыздарынын бир нече аялдары бар.

Саламаттыкты сактоо

Памирде дарыгер, мугалим, ал тургай табыптар да жок. Биз менен чогуу акушер-гинеколог, балдар дарыгери, кардиолог жана терапевт барган.

Кээде мен дарыгерге жардам берип жаттым. Көпчүлүгү – жашы да, карысы да жүрөк оорусуна даттанып жатты. Бизге бул таң калычтуу эле. Дарыгер: “Кайсы жериң ооруп жатат, көрсөтчү”, – деп сураганда гана түшүнүктүү болду, айрымдар жүрөктү ашказан менен алмаштырып жаткан экен. Көпчүлүк тамак сиңирүү органдарынын тушун көрсөтүп жатышты. Жарытпаган тамактануудан улам алардын ашказаны көп ооруйт.

Дагы бир окуя болду: бизге бир адам келип, агасын чогуу алып келе албай калганын, ага дары беришибизди суранды, бирок анын эмнеси оруп жатканын айта албады. Дарыгерге дарттын белгилерин айтып отурганда гана, келген кишинин бир тууганын үшүк алганы белгилүү болду. Мен үчүн бул таң калычтуу болду. Кышкысын Памирдеги климаттык шарт өтө катаал. Аба температурасы 50 градустан төмөн түшөт. А Памир кыргыздары болсо үшүк алып кетүүнү кантип аныктаса болорун  эмдигиче билишпейт.

Ал жакта мындай окуялар көп. 13 жашар кыздын бир топ убакыт мурун колу сынып, анысы кыйшык бүтүп калыптыр. Мен ага аябай жардам бергим келди, бирок мындай шартта ишке ашпай турганына ичим ачышып жатты. Ата-энелердин көбү сыныкка каршы дары сурап, сени үмүт менен карап турушат. Алар бул үчүн дары жок экенин түшүнүшпөйт.

Ымыркайлардын өлүмү

Аялдар жана ымыркайлар арасында өлүмдүн көп болушуна дарыгерлердин жоктугу гана эмес, төрөттү кантип кабыл алуу керектиги боюнча билимдин жоктугу да таасирин тийгизет. Төрөттү, адатта, ошол маалда эненин жанында болуп калган адам кабыл алат.

5-8 балам өлүм калды деген аялдар аябай көп болду. Муну алар кыжаалаттанып, өкүнбөй айтып жатышты. Алар үчүн бул катардагы көрүнүш. 13 жолу төрөгөн аялдар текшерүүгө келишти. Ондон ашык баланын үчөө гана аман калыптыр. Бала көп учурда төрөлгөндөн бир нече күн өткөндөн кийин чарчап калат.

Ага-хан фонду жардам берүүгө аракет кылып келет. Улуу Памирде чоң оорукана курулду. Бирок ал жакка, мисалы, Кичүү Памирден үч күн дегенде гана жетесиң. Улуу Памирдегилер болсо бейтапканага бир күндө жете алышат, бирок эч ким каттабайт. Буга төлөмдөр себеп эмес. Фонддун медициналык жардамы акысыз. Ооган кыргыздары үчүн ооруканага баруу жат бойдон калып жатат. Бирок абал баары бир жакшырып жатат: дарыгерлер тынбай кыдырып, статистика жүргүзүүдө. Ооган кыргыздары да акырындап дарыгерлерге өздөрү кайрыла баштады.

Тамак

Көпчүлүк тамакка эт, күрүч колдонушат, тузду өтө аз кошушат. Нан ал жакта баалуу азык, катып калса да жешет.

Сүт азыктарынан алар топоздун сүтүн гана пайдаланышат. Анын уй сүтүнөн айырмасы чоң. Топоздун сүтү аябай майлуу, бирок аз. Мисалы, эгер алты уйду сааса, 2-3 челек сүт чыкса, алты топозду сааганда 2-3 литр гана сүт чыгат.

Топоз сүтүнөн сыр, айран жана аябай көп курут жасашат.

Улуу Памирде ооган кыргыздарын чоң унаа жолунан (аны менен көп деле жүрүшпөйт) Пяндж дарыясы бөлүп турат. Сууда балык көп. Бирок жергиликтүу ашканада балыкты такыр колдонушпайт.

Улуттук кийимдин өзгөчөлүктөрү

Ооган кыргыздары салттуу кийимди кийишет. Аны атактуу сүтөрчүлөрдүн көп сандаган сүрөттөрүнөн улам көпчүлүк жакшы таанып калган. Баса, улуттук кийимди аялдар гана кийишет, эркектер арасында булгары күрмө, алтын же алтын жалатылган сааттар беделдүү деп саналат.

Мынтип салттуу кийимдерди кийүү менен памир кыргыздары этникалык чек араны бөлүп тургусу келет деген менде гипотеза бар. Кийимдин жардамында алар улутун так көрсөтүп турушат. Алардын салттуу кийимин түс жагынан алсак, ал Кырызстандын түштүк кийимдерине окшошуп кетет.

Кийимдердин түсүнө келсек, ал аябай жаркын жана кооздолгон. Бул боюнча да гипотеза бар: амдардын кийимине алар жашаган жердин ландшафты да таасирин тийгизет. Балким, бозоргон тоодогу элди ачык түстүү кийимдер, асем буюмдар шыктандырып турат.

Аялдардын кийими Памирдин климаттык шартына такыр туура келбейт. Көйнөктөр атлас кездемеден тигилип, суукка ыңгайлашпаган. Алар мындай кийимди жыл бою кийишет, бирок  кышында ичинен жылуу кийим болот.

Кой, топоздордун жүнү кайра иштетилбестен ыргытылат. Ал жакта аябай суук, ар биринин жүн байпак, өтүгү болушу керек деп ойлойсуң, бирок андай эмес.

КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын эсебинде азыр Улуу жана Кичи Памирде болжол менен 2100 этникалык кыргыз жашайт. Бир катар саясатчылар менен эксперттер көп жылдан бери эле памир кыргыздары жоголуу коркунучунда деп коңгуроо кагып келишет. Өлкөнүн өкмөтү экспедициядан кийин элди көчүрүп келүүгө киришти. Быйыл ал жактан 30 үй-бүлөнү көчүрүү пландалууда.

Ооганстандын Улуу жана Кичи Памирине барып, ал жактагы абалды көзү менен көрүп келген Динара ооган кыргыздарын көчүрүү жана сактап калуу боюнча бир жактуу талкуулар шашылыш болуп жатканына дагы бир жолу ынанды.

– Көчүрүү, аралаштыруу программасы узак мөөнөттүү болушу керектиги айкын. Тилекке каршы, акча чогултуп, тез арада ооган кыргыздарын бул жактагы тоолуу аймактардын бирине  алып келе коюуну сунуштап жаткандар абалды конок кабыл алгандай эле көрүп жаткандай… Бирок аларды жакшы тосуп алуу тууралуу гана эмес, алардын жергиликтүү коомго аралашып кетишине, бул жактагы дүйнө кантип тузүлгөнүн, анын ичинде өзүн табууга жардам берүү керек. Кыргызстанга көчүп келген кайрылмандардын абалы чоң үмүт артууга жол бербей турат…

Анын үстүнө мен аларды көчүрүүнү колдобойм. Жалпысынан бул боюнча талкуулар мага гумандуу эмес текеберликтей сезилет. Биз кайсы бир жаныбарды  көнгөн аймагынан ошого окшош башка аймакка (ооган кыргыздарын өлкөнүн тоолуу райондоруна жайгаштыруу сунуштарынан улам айтылган сөз) көчүрүп келүү жөнүндө эмес, адамдар тууралуу сөз кылып жатпайбызбы.

Анан да Ооганстан эки миң калкын бизге жөн эле бере койбосун ойлонушубуз керек.Кызыктай угулганы менен, кыргыздар жашаган аймактын туристтик потенциалы чоң. Экстремал-туристтер бул аймакта азыр жаңылык эмес.

Дагы бир жагдай – азыр өкмөттөр аралык абдан чоң чек ара заставасы курулууда, ал беш өлкөнүн кызыкчылыгын коргойт. Бул нерсе Ваханга да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошондуктан, ар жыл сайын, же балким жылына эки жолудан изилдөөчү, ыктыярдык программаларды уюштуруу максаттуурак болмок. Ушундай болгондо жалпы абалы туруктуу түрдө көзөмөлдөнүп, а ыктыярчылар, дарыгерлер, мугалимдер туруктуу жардам бере алышмак, жыйынтык да байкаларлык болмок.

Сүрөттөр: Динара Каныбек Кызы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.