
Алай райондук медициналык мекемелерге коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптарга гуманитардык жардам катары 100 миң сомдук зарыл болгон дары дармектер тапшырылды. Аны аталган райондун тургуну Данияр Токторбаев өз үй-бүлөсүнүн атынан таптырды.
Өлкөдө коронавирустук пандемияга байланыштуу абал оорлошуп, медициналык мекемелерге жана догдурларга коомчулук колдоо көрсөтүп жатышат. Жарандар колдорунан чыккан акча каражаттарды топтоп, керектүү делген дары-дармектерден тарта медициналык жабдыктарга чейин сатып алып беришүүдө.
Кыргызстанда 28-июлга карата, COVID-19 жана пневмониядан жабыркагандардын расмий саны 33 844 адага жетсе, алардын ичинен 1 329у каза тапты. Ал эми айыккандардын саны 22 296 адам болду.
- 28.07.2020