
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 16-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 596 миллион метр кубду түздү.
“Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 279 метр куб, агып чыгышы 164 метр кубду түзүүдө. Кечээ 15-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 587 миллион метр куб суу бар болчу”,-деп жазылат маалыматта.
- 16.04.2021