Токтогул ГЭСине Азия өнүктүрүү банкы 110 млн доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин 3-фазасы үчүн 110 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт.  Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо Фаза-3” долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу каралып жатканда айтылды.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта ынын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылып жатат. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.

Аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү.

Насыя каражаты “Электр станциялары” ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электрэнергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.