Токсонду ашкан согуш ардагери мүнүшкөрлүк менен алектенет

95 жаштагы ардагер Жусубали Кубатов учурда куш таптап, мүнүшкөрлүк кылат. Ал бул өнөр менен согуштан келгенден кийин алектенип калган. Мүнүшкөрлүккө чейин айылда мал доктурлук жана көк бөрү боюнча мелдештердин мыктысы болчу.

Ардагер азыркы кезде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашайт. Согушка болсо 1942-жылы 17 жашында барган. Апаатта жүрүп “доо жүрөк” атка ээ болот. Анткени согушта командир кандай тапшырма берсе аны аткарууга макул боло берип, ардагерге ушундай ат ыйгарышат.

“Кандай тапшырма бербесин эч ойлонбой макул болчумун. Ажалың жетсе бардык жерде каза болосун да. Ошондуктан согушта тапшырмаларды так аткарып, бирөө менен же өзүн жалгыз барып аткарып кел дешсе дагы макул болчумун. Ошондуктан мени “доо жүрөк” деген ат менен чакырышчу”,-деди ардагер.

Ардагердин атасы 1941-жылы согуш талаасына кетип, кайтпай калат. Бир жылдан соң Жусубали Кубатов да кан майданга аттанат. Ошентип, Латвия, Литвия өлкөлөрүн бошотууда өз жанын аябай, душмандардын мизин кайтарууда эрдик көрсөтөт. Ошол кездери үйүндө жалгыз бой энеси менен жети бир тууганы гана калат.

“Үйдө агамдан кийинки мен элем. Аябай кыйынчылык тартканбыз. Колхоздо эч нерсе жок болчу. Машак терип, фронтко жиберип турчу элек”,-деди Жусубали Кубатовдун иниси Абакир Кубатов.

Жусубали атанын “Чоң чеңгел” деген дагы бир каймана ысымы бар. Кармаганын бирөөгө алдырбаган балбандыгынан бул атты ага улакчылар ыйгарган. Ардагер 1945-жылы согуштан келген соң мектепте аскерге даярдоо боюнча мугалим, андан соң мал доктур болуп 20 жылдай иштейт. Ошол эле учурда үйүндө куш таптап, айылында мүнүшкөр аталат. Азыр да шумкарын өзү карап, алдуу-күчтүү.

“Атам түрдүү талантка ээ адам. Согушта өз эрдигин татыктуу көрсөтүп келди. Андан кийин мал доктор болуп айылда бир топ жыл эмгектенди. Ошондой эле аймактагы көк бөрү мелдештеринде алдыңкы орунду эч кимге бербейт эле. Азыр болсо жашы 95ке барып калса дагы, куш таптап, мүнүшкөрлүк кылат”,-деп сыймыктанды уулу Абдирашим Кубатов.

Ардагер 1957-жылы Абаз Кубатова менен баш кошуп, 60 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Табиятынан тамашакөй, ак көнүл жана боорукер инсан болгондуктан бирөөгө катуу сүйлөбөйт. Учурда жашы 95ке таяп калса да ден-соолугу жакшы. Болгону согуш учурунда алган жарааты кыйнап келет экен.

“Азыр ден соолугу жакшы. Бирок согушта  үч жеринен ок жеген. Азыркы учурда жараат алган жерлерим ооруп жатат деп көп айтат”,- деди жубайы Абаз Кубатова.

Жусубали Кубатов согушта жасаган эрдиктер үчүн “Мыкты мина койгуч”, “Кызыл жылдыз” ордени, Эмгек ардагери сыяктуу медалдар менен сыйланган. Жубайы Абаз эне менен 6 кыз, 3 уулду болушкан. Учурда 65 небере, 17 чебереси бар. Азыр балдарынын төрүндө бактылуу карылыктын доорун сүрүп жашап жатышкан чактары.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.