«Окуя Токмок шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын натыйжасында бир адам өлүп, бирөө ооруканага түшкөн. Азыр кылмышка шектүү катары бир киши кармалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон жаран Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ал депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөн», – деди Имангазиева.
17-мартка караган түнү Токмок шаарындагы «Космос» кинотеатрынын жанында жапырт мушташ болгон.
Аталган факт Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Киши колдуу болгон депутаттын өлүмүнө шектүү катары Токмок шаарынын 24 жаштагы тургуну кармалды.