Токмокто аял киши түтүнгө ууланып каза болду

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен түтүнгө ууланып аял киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя, Трясинин көчөсү №83 үйүндө болгон. Эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчыметр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган М.Р. атуу аял киши  түтүнгөууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрттүн келип чыгуусебеби такталууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.