Токаев февралда “маанилүү келишимдерге” кол коюу үчүн Москвага барат

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев улуттук “Хабар” телканалына курган маегинде февралдын ортосунда Москвага барарын жана Орусия президенти менен узак мөөнөттүү кызматташууга байланышкан “маанилүү келишимге” кол коерун билдирди.

Сапар тууралуу ал башка маалымат берген жок.

Ошол эле маалда Токаев Путин ЖККУнун аскерлерин Казакстанга жөнөтөрдө кандайдыр бир шарт койду беле деген суроого: “Кийин эсептешип алабыз деген сыяктуу эч кандай сүйлөшүү болгон эмес”,– деп жооп берди.

Казакстан президенти ЖККУнун аскерлери өлкөдө бир дагы ок чыгарбаганын белгиледи.

Токаевдин пикиринде, январдагы башаламандыктарды “профессионалдар” уюштурган, тынч митингдер пландын бир бөлүгү болгон. Бирок ал профессионалдар ким экенин айткан жок. Ал башаламандыктын катышуучуларынын көбү Алматыдан чыгып кеткенин, же жашырынып калышканын билдирди.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон.

Касым-Жомарт Токаев тополоң чыгаргандарды “эл аралык деңгээлде даярдыктан өткөн террорчулар” деп атап, “эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин” айткан. Алматынын өзүндө эле “20 миңдей террорчу бар экенин” билдирген. Ушуга байланыштуу Токаевдин өтүнүчү менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстанга кирип, кырдаал турукташкандан кийин кайра чыгып кетти.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.