Өткөн жылы Кыргызстанга Франциядан 10 миңге жакын турист келген

2019-жылы Кыргызстанга 9 300 турист келген. Анын 500 Ош облусун кыдырышкан. Бул тууралуу бүгүнкү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Франциянын ыйгарым укуктуу элчиси Микаэля Руну кабыл алганда маалым болду.

Микаэля Ру жашыл туризм, маданий туризм боюнча Кыргызстан Европа, анын ичинде Франция туристтеринин көңүлүн бурарын, ага далил катары 2013-жылы биздин өлкөгө 2 730 турист келсе, 2019-жылы 9 300 турист келгендигин айтты.

Франция Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп таанып, 1992- жылдан бери алакада. Элчилик 2010-жылы ачылган. Европа мамлекеттеринен атайын элчилигин ачкан Германиядан кийинки экинчи өлкө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.