Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн алкагында бюджетке 1 млрд сомдон ашык акча түштү

2021-жылы Башкы прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 288 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, анын 193 миллион 219 миң сому акчалай, 1 миллиард 95 миллион 16 миң сому материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылган.

“Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 7 миң 565 текшерүү жүргүзүлүп, 16,7 миң мыйзам бузуулар аныкталган, 7,9 миң акт түзүлүп, 6,4 миң кызмат адамы жоопкерчиликке тартылган”, – деди ал.

Мындан тышкары, Башкы прокурор кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу иштеринин алкагында 1 млрд 95 млн сом компенсацияланганын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.