Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 20,9 пайызга азайды

Өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыктарынын саны 20,9 пайызга азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11 ай ичинде өлкө боюнча 3 миң 592 өрт кырсыгы катталды. Бул эсеп былтыркыга салыштырмалуу 984гө аз.

Быйыл өрттөн 48 адамдын өмүрү сакталып калган. Ал эми 2018-жылы 64 адамдын өмүрү куткарылган.

Бул жылы өрттүн кесепетинен 40 адам каза таап, 60 адам жабыркаган.

Өрттөрдүн негизги себептери отко этиятсыздык менен мамиле кылуу — 37,4 %, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык-33,0 %, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуу −6,9 %, балдардын от менен ойноосу 5,6 %.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.