Тилек Токтогазиев: Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюлду

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевге билдирди. 

«Учурда Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар болгондуктан, сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Тиешелүү жарлыкка Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Жарлык  койгондон тарта күчүнө кирет»,- деди Токтогазиев.

Өзбекстандын этке болгон талабы жогору. Анын себеби Өзбекстандын мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программанын жүзөгө ашырылып жаткандыгында.

Кыргызстанда этке болгон баанын саны кескин түрдө өсүп, уйдун жана койдун этинин килограммы 450-500 сомго чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.