
Санкт-Петербургдагы терактка тиешеси бар деп шектелген Акбаржон Жалиловдун ата-энеси 5-апрелге караган түнү Орусияга жөнөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын туугандары билдиришти. Алардын айтымында, шектүүнүн атасында Орусиянын паспорту болгондуктан, Москванын чакыруусу менен кетишкен.
[postleft id=’5339′]
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маселени Орусиянын күч кызматтары иликтеп жатканын, тийиштүү маалыматтарды алардан алуу керектигин белгиледи.
3-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы метро поездин жардырган киши теги кыргызстандык Акбаржон Жалилов экени 4-апрелде расмий жарыяланган.
Терактта соңку маалыматтар боюнча 14 адам каза таап, элүүдөй киши ооруканага түшкөн.
Булак: Азаттык
- 05.04.2017