Темирбердиев: прокурордун өлүмү атайын уюштурулган

Бүгүн, 17-декабрь  Баткен облусунун прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун жакындары жыйын өткөрүштү.

Анда алар тергөө амалдарынын ачык-айкындуулугу шек жаратып жаткандыгын айтып чыгышты. Алардын баамында тийиштүү кызматтар окуяга калыс баа бербей жатат.

“Бул иш боюнча бизде көптөгөн шектүү пикирлер жаралып жатат. Жакында эле ИИМдин өкүлү маалымат таратты. Шектүү жараан “кокустан атып алдым, кокустан өрттөп алдым” деп көрсөтмө берди деген сөздү айтты. Бул версияга жаш бала да ишенбейт”- деди маркумдун айылдашы Абдылда Темирбердиев.

Алар, тергөө амалдарынын акыйкаттуу болуусун көзөмөл кылуу суранычы менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кат жолдошкон.

Эске салсак, 43 жаштагы маркум Анарбай Мамажакыпов Баткенге ушул жылдын май айында прокурор болуп дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.