
Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновду 8 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Андан сырткары судья прокуратуранын алардын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деген да өтүнүчү канааттандырды.
Мамлекеттик айыптоочулар соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.
26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан Текебаев менен Чотонов “Мегаком” компаниясына байланыштуу орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп баалап, өздөрүнүн актыгын айтып келет.
- 17.08.2017