
Лейлекте Тажикстанга тиричилик техникаларын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагынан КР УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын жараны 1996-жылы туулган Б.А .нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Чек арачылар автоунааны текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок 54 куту меш, 120 чаң соргуч жана 200 куту табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жүк андан ары Тажикстандын аймагына өткөрүлмөк.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана унаа териштирүү иштерин улантуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
- 17.12.2021