Тажикстанда жер семирткичтер эки эсе кымбаттады

Тажикстандын фермерлери жер семирткичтердин баасы 50 пайызга жогорулап кеткенине тынчсызданып жатышат. Былтыр бир кабы 300 сомони турган аммофос, карбамид, селитра жана нитроаммофос быйыл 500 сомониге чыкты.

Тажикстандын ар кыл районундагы фермерлер жазгы талаа иштери быйыл ара жолдо калышы мүмкүн экенин айтышууда. Бул кырдаал айыл чарба азыктарынын кымбатташына алып келет.

“Жыл сайын биз 7-8 гектарга буудай, 4-5 гектарга пияз, 2 гектарга сабиз жана 14 гектарга жүгөрү айдап келгенбиз. Быйыл ар бирин бир гектарга кыскарттык. Себеби жер семирткичтер кымбат болууда. Азыр эгер жер семирткичке акчабызды коротуп койсок, түшүм жыйнаганда чыгымдар акталабы деп ойлонуп отурабыз”, — деди фермер Комилжон Самадов.

Тажикстан жер семирткичтерди Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Түркмөнстандан импорттойт.

Орусия менен Өзбекстан азоттук жер семирткичтерди 1-июнга чейин экспорттоого чектөө киргизген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.