Тажикстанда тургундардын даттануусунан кийин министрдин бир тууганы иштен алынды

Тажикстанда тургундардын даттануусунан кийин өлкөнүн транспорт министри Азим Иброхимдин бир тууганы Хасан Иброхимзода Балжуван районунун башчысынын орун басары кызматынан алынды.

“Озоди” радиосу жергиликтүү акимчиликтеги өз булагына таянып, Иброхимзода президент Эмомали Рахмондун жеке көрсөтмөсү менен жумуштан четтетилгенин кабарлады.

Азырынча район башчысынын орун басары эмнеге иштен алынганы айтыла элек. Экс-аткаминер өзү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Хасан Иброхимзода кызматтан алынганын райондун башчысы Бахтиёр Сафарзода да ырастады. “Бул чечимди өкмөт кабыл алды. Азыр Иброхимзода эч жерде иштебейт”, – деди ал.

Буга чейин Балжуван районунун тургундары Хасан Иброхимзоданын чечимдери боюнча бир нече жолу даттанышкан. Алардын бири Саидмумин Давронов акимдин орун басарынын чечими менен анын эки гектар жерин мыйзамсыз тартып алышканын билдирүүдө.

“Биз ал жерге мыйзамдуу түрдө 5 миң түп бак тиккенбиз, бардык керектүү документтерибиз бар. Бирок Хасан Иброхимзода жерди башка адамга берүү буйругун чыгарды. Буга чейин менин бакчамды жок кылууга да аракет кылышкан. Белгисиз адамдар түшүм бере баштаган 70 бакты кыйып салышкан”, – деди Давронов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.