Тажикстанда сотко балта менен кол салган жаран эркинен ажыратылды

Тажикстандын Пянж райондук сотунун төрагасына балта менен кол салган деп шектелген Диловар Олимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул боюнча 24-ноябрда Хатлон облустук сотунан билдиришкен.

“Шектүүнү эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгып, бирок али күчүнө кире элек. Диловар Олимов кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында адам өлтүрүү үчүн кол салуу беренеси дагы бар. Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган, бирок сотту өлтүрүүгө ниети болбогондугун айтты”,-дейт  облустук соттун орун басары Темур Бойзода.

Окуя 31-августта Пянж райондук сотунун имаратында болгон. Күбөлөрдун айтымында, Диловар Олимов аймактык соттун төрагасы Давлатманда Рахимзоданын иш бөлмөсүнө кирип барып, ага балта менен кол салган. Натыйжада төрага оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Ошол эле күнү Паянж райондук сотунда Олимовдун мурдагы аялынын доо арызы каралган эле. Ал биринчи жубайы менен расмий никеге турган эмес жана эки баласын тан албай койгон. Бирок сот балдардын атасы Олимов экенин тастыктап, ар бирине 130 сомониден алимент төлөөгө милдеттендирген. Соттун чечимине нааразы болгон шектүү үйүнөн балта алып келип Давлатманда Рахимзоданага кол салган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.