Тажикстанда Нооруз майрамына карата иш-чарага даярдык көрүп жаткан окуучу каза болду

Тажикстандын Бохтар шаарында классташтары менен бирге Нооруз майрамына карата өтө турган иш-чарага даярдык көрүп жактан 8-класстын окуучусу Шахноза Сафарова каза болду.

Маркум окуучунун жакындары ал пневмония менен ооруганын билдиришти. 14-мартта анын дене табы көтөрүлүп, эртеси каза болуп калган.

“Ал пневмония болуп ооруйт. Акыркы бир нече күндө дене табы жогору жүргөн. Биз ага анча деле маани берген эмеспиз. 14-мартта ал мектепте өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн 10-12 саат күрөшүп, бирок аман алып кала алышкан жок. Анын өпкөсү сууга толуп калыптыр”, — деди маркумдун агасы Хайдарали Сафаров.

Шаардагы №15 мектептин жетекчилиги Шахноза Сафарова Нооруз майрамына карата даярдыктын алкагында “маршировкага” катышканын ырастап, бирок мектепте анын пневмония менен ооруй турганын билбегендиктерин айтышты.

Хатлон облусунун Бохтар шаары менен Жалолиддин Балхи районунда Нооруз майрамына карата даярдык көрүү иштери жүрүп, ага жүздөгөн окуучулар менен студенттер катышып жатышат. Ал иш-чарага президент Эмомали Рахмон келе турганы кабарланууда.

Тажикстанда түрдүү маданий иш-чараларга студенттер менен окуучуларды катыштыруу тажрыйбасы кеңири жайылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.