
КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мурда Тажикстандын аймагында кармалган кыргыз жаранын кайтарышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылдын 1-ноябрында Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Арка-Борбордук жолунун тилкесинде Тажикстан УКМКсынын кызматкерлери Кыргызстандын 1992-жылы туулган Р. Исмалова аттуу жаранын кармап кеткен.
Кармалган жаран 2022-жылдын 10-январында Лейлек районундагы “Кулунду авто жол” пункту аркылуу мекенине кайтарылган.
- 11.01.2022