Тажикстанда калкка электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилгени айтылууда

Тажикстандын көптөгөн аймактарында электр энергиясын колдонууга бейрасмий түрдө чектөө киргизилгени айтылууда. Жашоочулар жарык күндүз да, түнкүсүн да бир нече сааттан өчүрүлүп жатканына даттанып жатышат.

“Кышкысын эч кандай маселе болгон эмес. Туруктуу өчүрүүлөр болжол менен он күн мурда башталды. Алгач электр кечки саат 10до өчүп жаткан болсо, азыр күндүз да жарыксыз отурабыз”- деди Вахдат шаарынын тургуну Абдухолик Гафуров.

Өз кезегинде мамлекеттик “Барки точик” энергохолдинги электр энергиясын колдонууда чектөө киргизилгенин четке кагууда.

“Тажикстанда электр энергиясына эч кандай чектөө жок. Жарандар кышкысын да, жазында да электр жарыгы менен камсыз болгон. Интернетте жазып жаткандар чагымчылар. Ким даттангысы келсе “Барки точикке” даттансын, ал тууралуу компаниянын жетекчилигине кабар беребиз. Дагы бир жолу кайталайм, эч кандай чектөө жок”, – деди энергохолдингдин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгори.

Жергиликтүү эксперттер калкка электр энергиясын берүүдөгү бейрасмий чектөөлөр Нурек суу сактагычындагы суунун азайганына байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат. 14-февралда “Барки точиктин” башчысы Махмадумар Асозода Нурек суу сактагычында суунун деңгээли төмөндөп кеткенин айтып, бирок электр энергиясын туруктуу өндүрүүгө жетиштүү экенин белгилеген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.