Тажик аскер кызматкерлери чек ара аймагында окоп каза башташты

Тажикстандын аскер кызматкерлери чек ара аймагында окопторду казып баштаганы тууралуу маалымат пайда болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдиргенине таянып “Кактус медиа” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, бүгүн облустук жетекчиликтин жыйыны өттү. Анда чек арадагы абалды жана чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу чаралары талкууланды. Жыйында Абдикарим Алимбаев тажик тарап чек ара аймагында траншеяларды каза баштаганын ырастады.

“Бизге тажик тарап чек ара аймагында траншея казып жатканы тууралуу маалымат келип түштү. Бул маалымат тастыкталды. Биз бул маселе боюнча кандай иштерди аткарарыбызды талкууладык. Тиешелүү түзүмдөрдүн жетекчилери менен чогулуп, абалды талкуулайбыз деп макулдаштык “, – деди Алимбаев.

Буга чейин социалдык тармактарда Катта-Туз участкасында окоптор казылып жатканы айтылган.

Видео: https://t.me/seychas_kg/10510

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.