Тажик айылдары менен суу талашып келген самаркандектиктер көйгөдү чечүүгө өздөрү киришти

Баткендин Самаркандек айыл өкмөтү коңшу Тажикстандын Ворух-Шураб аймагынын ортосунда жайгашкан. Айыл өкмөттө ичүүчү суу жетишсиз болуп, кошуна өлкөнүн суу түтүктөрүнөн пайдаланышат. 12 миң калктын 90%ын гана камсыздай алган суу дагы мөөнөтү менен берилет. Кээде эки улут ортосунда келишпестиктер жаралып, Кыргызстан тарапка суу өткөрбөй коюшат.

Мындан улам жергиликтүү тургундар көз карандысыз суу пайдаланууну көздөп, Самаркандек-Андиген суу түтүгүн оңдоого киришкен. Андиген тоосунан келген суунун түтүктөрү  1999-жылы курулган. Самаркандек айылына чейин 34 чакырымды түзгөн суу түтүгүн 10 жыл мурун катталган сел  иштен чыгарган.

Эгер тешилген 1200 метр суу түтүгү оңдолсо, самаркандектиктер ичүүчү жана сугат суу менен толук кандуу камсыз болот. Ашар жолу менен тазалоо иштерине үч айылдын жергиликтүү тургундары тартылган. Азыр иштин жарымы аткарылып, 2 жумада пайдаланууга берилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.