“Ташкент-Бишкек-Балыкчы” поезди июнь айынан баштап каттайт

«Ташкент-Бишкек-Балыкчы»багытындагы темир жол каттамынын жадыбалы иштелип чыккандыгын «Кыргыз темир жолу» ишканасы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, аталган багыт боюнча поезд келе жаткан жылдын июнь айынан тарта ишке кирет. Ташкенттен поезд 16-июндан тартып 25-августка чейин ар ишемби күндөрү Кыргызстанды көздөй чыгып, Балыкчы бекетине жекшемби сайын келип турат.

Балыкчыдан дүйшөмбү күнү жөнөп, эртеси Ташкент шаарына жетип калат. Билеттер майдан баштап сатыла баштаары маалым болду. Ал эми билеттин баасы жана каттамдын убактысы жаңы жылда белгилүү болоору күтүлүүдө.

Булак: Азаттык

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.