Тамак таап, башканы тойгузуу: Кыргызстанда фудшеринг кантип иштейт?

Кыргызстанда азык-түлүк куткаруучулары же башкача айтканда, фудшерингдин колдоочулары – ашыкча тамакты ыргытпай, башкаларга берүүнү эп көргөн адамдар пайда болду. Аларды соцтармактардагы “Бекер тамак берем” деген тайпа бириктирди. Кыймыл катышуучуларын тездик менен чогултууда, азыр тайпаларда жылкы этин берем, баштык толо каткан нан бар, тойдон ашкан тамакты алып кетиңиздер дегендей билдирүүлөр чыгат.  “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн” ыктыярчылардын командасына кошулуп, бишкекче фудшерингди ичтен көрүп кайтты.

“Бишкектеги фудшеринг” демилгечи топтун ыктыярчылары Жамила жана Аскар менен чогуу короо аралап 83 жаштагы жалгыз бой эне Антонина Федоровнага бара жатабыз. Фудсейверлер (тамак куткаруучулары) аны тойгузганы апта сайын барышат.

– Ал таттууну жакшы көрөт. Пирожныйды сүйүп жейт. Биздин көзүбүзчө эле жеп салат. Аны бир кафе камкордукка алып, энеге түшкүгө ысык тамак жеткирет, таттууларды берип жиберет, – дейт Жамила.

Антонина Федоровнанын үйүнүн подъезди эски, дубалдарынын сыры жарылып, айнегин чаң баскан. Жамила менен Аскар кире бериштен эле ичи толо баштыкты ачып башташты, бүгүн алар чоң энеге ысык шорпо, лимон жана сасык тумоого каршы дары алып келишкен.

Коңгуроону бастык. Он мүнөт күттүк, эч ким ачпады. Ыктыярчылардын жүзүндө тынчсыздануу жана капалык. “Бир нерсе болгон болсочу”, – дейт үнү араң чыккан Жамила. Алар Антонина Федоровнаны качан акыркы жолу көрүшкөнүн кошуналардан билгенге аракет кылышты. Бирок маалымат жок. Кошуналардын бири акыркы күндөрү чоң эне такыр эле чыкпай калганын айтты.

Дагы бир аракет көрүштү, бирок эшиктин ары жагында жымжырттык. Тамакты кошуналарга таштоого аракет кылдык, бирок мындан да майнап чыкпады. . Антонина Федоровнанын подъездинен үн катпай чыгып келе жаттык. Балдар аны менен капыстан таанышып калышкан. Мурда Коля ага жашаган короодо чоң эне мышыктарды тойгузуп жаткан. Ыктыярчылар Коляга дайынсыз жоголгонго чейин жардам берип жүрүшкөн болчу.

Эшикке чыккан соң балдар өзүн колго алып, Вотсаптагы тайпага түшкөн табыштамаларды карай баштады. Мессенжер жана соцтармактар аркылуу адамдар желбей калган котлет, жаңы бышкан шорпо, печенье, какао, балдар тамагы, кышкы консервага чейин ар кандай тамактарды кайтарымсыз беришет.

– Бүгүн “Чаодон” пиццаны алып кетүү керек, андан кийин кофейняга үч пирожный, сэндвич жана үч булочка, круассанга кире чыгабыз, анан европалык товарлардын маркетине да баш багабыз. Ал жактан бизге бир нече таңгак курук сүт беришет, -деген Аскар пландары менен бөлүштү.

– Анан бул баштыктардын баарын шише кабыл алган жерге алып барабыз. Ал жакта тамакка муктаждар бар,  – деп кошумчалады Жамиля.

“Бишкектеги фудшеринг” демилгечи тайпасы жакында эле пайда болгону менен жүздөгөн азык-түлүк, тамактарды таратканга жетишти. Ыктыярчылар көчөдөгү бардык каалоочуларга тамакты кайтарымсыз беришет. Биринчи кезекте, бул жашаган жери жок адамдар жана каржылык кыйынчылыкка кабылгандар.

Кыймылдын мүчөлөрү тамакты сактап калууга бүт күчүн сарптайт. Фудшерингдин максаты- жесе болгудай тамакты ыргытпай, аны менен бөлүшүү. Мисалы, сиз конок күтүп, көп салат жасап, нан, татууларды, банандарды даярдадыңыз дейли. Оливьенин баарын жей албадыңыздар, булочка, нан көгөрүп, банан карарып кетиши мүмкүн. Эмне кылуу керек? Баарын ыргытмак белеңиз?

Фудсейверлер Жамила менен Аскар “тамакты куткарууга” убакыт табышат: аймактагы кафелерди кыдырып, күн бою сатылбай, а эртең бузулуп кетчү тамактарды алып кете алышат. Алар бир булочка үчүн калаа четине барууга даяр.  Ыктыярчылар белгилегендей, алар кафе же бишкектиктердин  үйүнөн алып кетчү тамактын сактоо мөөнөнү өтүп кетпеш керек.

Демилгечи тайпага ар кандай адамдар кошулууда: студенттер, ишкерлер, кайдыгер эмес башка адамдар. Базага 500 ыктыярчы катталган. Бирок алты адам – Бишкектеги фудшерингдин колу-буту. Алар шаар ичинде жөө же коомдук унаада жүрүшөт. Бермет Бөрүбаева – демилгечи. Ал бишкектик, азыр  Москвада жашайт. Бермет – “Москвадагы фудшеринг” тайпасынын катышуучусу.

Жамила – орус тили жана адабияты боюнча репетитор. Ал тайпага капысынан келип калган жок, үй-бүлөсүндө кайгылуу окуя болгондон кийин бул жакка кошулган. Эмне окуя экенин ал айткан жок, бирок кээде тамак-аш сатып ала албай калган күндөрү болгонун, андайда достору жардамга келгенин айтты. Эми ал күн сайын муктаждарды тамактандырууга 2-3 саат убактысын бөлөт.

Аскар басмаканада иштейт. Ал тамак-аштан эч качан кыйналган эмес. “Тамак” корпорациясы” тасмасынан тамак-аш планетанын бардык ресурстарын соруп алып жатканын көргөндөн кийин тайпага кошулган. Жигит кинодон ушунчалык таасирленип, фудсейвер болуп калды.

Ыктыярчылар жашаган районуна карап Бишкекти тилкелерге бөлүп алган. Майда иштен башташкан: кафе, дүкөн ээлерине ушундай кыймыл бар экени тууралуу айтышып, тамак-ашты ыргытканга туура келген учурлар болобу деп сурашкан, анан ал азыктарды муктаждарга берүүнү сунушташты. Тилекке каршы, бул идеяны баары эле түшүнүп, кабыл алууга даяр эмес. Өзгөчө коомдук тамактануу жайларынын кожоюндарына үйсүздөргө жугунду эмес, убагында сата албай калган тамак бериш керектигин түшүндүрүү кыйын болду.

– Башында фудшеринг идеясы туура кабылданган жок. Бизге бузулган тамак, суусундуктарды беришип, желбей калгандын баарын бир баштыкка салып ташташчу. Албеттей, мындай тамак, суусундуктарды эч кимге бербейт элек. баарын таштандыга ыргытууга туура келчү. Убакыттын өтүшү менен биз ашкана кызматкерлерин тамактарды өз-өзүнчө баштыктарга иргешти үйрөттүк.

“Бишкектеги фудшеринг” тамакты акысыз берген сегиз тамактануучу жай менен дос. Башкаруучуларга идеяны жеткирүү үчүн ыктыярчыларга бир нече ай керек болду.

– Көп баш тартышты. А биз тамактын ордуна эмне алабыз? Эмне үчүн биз ашканды топтоп, иргеп отурушубуз керек? Башты оорутпай, ыргытып салган оң дешчү, – дейт Аскар.

– Башканы да сунуштадык. Тамактануу жайын бир карыяны камкордукка алып, күнүнө бир жолу шорпо бериңиз деп өтүндүк. Ресторандын атын атабай эле коеюн, ал жердеги кызматкерлер карыган кемпир менен бир жайда отуруу келгендерге жагымсыз болот дегенин Жамила капалана эскерип жатты.

“Чао” пиццериясы менен сүйлөшүүгө 10 мүнөт да кетпеди. Идеяны түшүнүүгө мындагы кожоюнга эки мүнөт жетиштүү болду. Азыр ыктыярчылар бул жактан желбей калган ондогон кесим  пиццаны алып кетишет.

Фудсейверлер дароо бир нече багытта иштеген башка өлкөлөргө салыштырганда Бишкекте тамакты “бекер берем”,  “колдон колго” принциптери менен бөлүшүшөт. Бул ар бир адам ыктыярчыларга чалып, керексиз тамакты алып кетүүнү суранса болот дегендик. Долбоорго катышуунун  экинчи варианты да бар: Facebook`тагы «Фудшеринг в Бишкеке/Отдам еду даром» (Бишкектеги фудшеринг/Бекер тамак берем) деген тайпага катышуучу болуу керек же Instagram`дагы foodshering.kg`ге постту жайгаштыруу зарыл. Ыктыярчылар постту, билдирүүну көрүп, тамакты алып кеткени барат.

– Муктаждар өздөрү эле табылды. Көпчүлүгү тууралуу бизге тааныштар айтышты, жалгыз бой эне же чоң энеге азык-түлүктөн жардам берүүнү суранып жатышты. Акыркы кезде биз азыр бараткан шише кабыл алуу жайына көп каттап калдык. Муктаждарды тойгузабыз. Ал жакта ичкичтер гана чогулат деген жаңылыш пикир бар. Андай эмес. Бишкекте тараган андай түшүнүккө карабай, шише кабыл алуу жайына келгендердин баары эле аракеч же селсаяк эмес. Турмушуна жетпей жаткан пенсионерлер келишет. Аймактан келип, бирок башка иш таба албагандары кездешет. Абактан чыккандар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү, алдамчылардын тузагына илингендер.

Тамак-аштын дээрлик жарымын ыктыярчылар кафеден чыкканда жана жол бою таратышат.  Айбек – бишкектик селсаяк. Баштыкчан бизди көрүп, курсагы ачканын айтып, биртке тамак сурады.

Жамиля менен Аскар баштыктан ысык чай менен пиццаны алып чыгышты.

– Биз мастарга деле түз карайбыз. Башкы талап – бири-бирин сыйлоо жана адекваттуулук. Биздин милдет – үйсүзгө ал керек жана маанилүү экенин, аны адам катары баалай турганыбызды көрсөтүү, – дейт Жамиля термосту кайра баштыкка салып жатып.

Бир аз жүрүп, Людмила Кузьминичнаны кезиктирдик. Селсаякка окшобойт: чачтары таза, өңү жакшынакай, көздөрү гана муңайым.

– Күн сайын суукта саат бирден алтыга чейин ушул жерде кайыр сурам. Бишкекте турам, мейманкана тибиндеги жатаканада бөлмөнү ижарага алгам. Жакында Казакстандан келдим, кызымды жерге берип, – деп өзү тууралуу жайбаракат айтып жатты чоң эне.

Ыктыярчылар ага ысык чай менен пицца сунду. Людмила Кузьминична үн катпай тамак жей баштады.

– Балким, көбүрөөк тамак калтырабыз? Лимон менен дарыны да береличи. Үйдө чай ичет, – деп сунуштады Жамиля.

Жолдо дагы бир нече жерге кирдик. Тамак издеп шаар аралап эки саат басканда Аскаттын колунда азык толо төрт баштык болуп калды.

Ыктыярчылык, саякат, жаңы жыл тууралуу сүйлөшүп отуруп, шише кабыл алган жайга кандай жеткенибизди байкабай калдым. Короодогу көпчүлүк биз келгенче бөтөлкөлөрдү тапшырып, тарап кетиптир. Бека гана калган экен.

Аскар баштыгын ачып, чай алды. Жамиля болсо бир колдончу тарелкага жыты буркураган пиццаны салды. Бека өз порциясын ыраазы боло алып, эски эки отургучка жайгашты.

Азыр демилгечи топ ыктыярчылык иште адам ресурстарына жана Бишкектеги фудшерингди туруктуу колдогон уюмдарга аябай муктаж. Демилгени колдоп, азык-түлүктөрдү куткарууну каалагандар, балким, араңыздарда бар.

0(553)25 04 15 (Аскар)

0(559)08 05 88 (Нургүл)


“Мейкин Азия онлайн” маалымдамасы: Керексиз азык-түлүктөрдү соцтармак аркылуу Казакстанда да таратышат. Алматынын тургуну Евгений Красиков ВКонтакте тармагында «Фудшеринг Алматы Астана. Делимся и угощаемся» деген баракча ачкан, ал жакта колдонуучулар керексиз азык-түлүктөр тууралуу жарыяларды чыгарышат.

Тайпа катышуучулары да тамак-ашты сакташат, бирок Бишкектегидей эмес. Бишкектик азык-түлүк куткарчуулары тамакты муктаждарга берсе, Алматыда, мисалы, тамак-ашты куткаргысы келген миллиардер же тезинен курсакты тойгозушу керек болгон студент да алып кете алат.

Алматы фудшерингинин өзгөчөлүгү – бул экологияны коргоо. “Сунушталып жаткан тамакты алуу – сооп иш! Муну менен сиз өзүңүздү жана башкаларды керектөөчүлүктүн көздөрүнөн сактап, экологиялык жашоо образына жакындайсыз”, – деп эсептейт баракча автору.

Адатта жарыянын түбүнө биринчи комментарий калтырган адам тамактын жаңы кожоюнуна айланат. Эгер ал келбесе, азыкты кийинки каалоочу ала берет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.