“Талибан” миңдеген аскерлерин Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт

“Талибан” кыймылы миңдеген аскерлерин жана техникасын Ооганстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш райондоруна жөнөтөт.

Бул тууралуу талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан куралуу күчтөрүнүн штабынын башчысы Фасихуддин Фитрат билдирди.

“Талибандын” расмий өкүлү АКШнын системалары жана НАТОнун жаңы технологиялары менен куралданган 10 миңдей аскерден турган армия Ооганстандын түндүк-чыгышында кандай гана куралдуу аракеттер болбосун чара көрөрүн айтты.

Фитрат чукул арада “бул кубаттуу күчтү” колдой турган согуштук учактар даяр болорун кошумчалады.

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясы Өзбекстан, ал эми Кундуз, Тохар жана Бадахшан провинциялары Тажикстан менен чектешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.