
17-октябрда Таластагы “Себат” кыргыз-түрк балдар лицейинде 35 окуучу тамак-аштан ууланган. 11 окуучунун абалы оор экени аныкталып, ооруканага түшкөн. Алты окуучу ошол күнү медициналык жардам алып, үйлөрүнө кетишкен. 18-октябрь күнү дагы төрт окуучу бейтапканадан чыгарылды . Калган 25 бала азыркы тапта дарыгерлер менен мугалимдердин байкоосунда турат.
Учурда окуучулардын уулангандыгынын себебин тактоо үчүн Талас шаарынын санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясында изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн жылы окуучулар арасында массалык уулануу Жалал-Абад шаарында катталган. Түрк лицейинин окуучусу үйүнөн салат алып келип, жатаканада достору менен тамактанышкан. Сегиз окуучу ууланып, ооруканага жаткан.
- 19.10.2017