
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат.
Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Бирликтин 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери жана башка маселелер талкууланат.
Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба менен Өзбекстанга берүү маселеси да каралат.
Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынат.
Сурабалдиева жеке медициналык мекемелердин COVID-19 илдетин дарылоо ишин талдоону тапшырды
- 11.12.2020