“Такталбаган маалымат тараткан” БШКнын мүчөсү сурака эмне үчүн чакырылгандыгы айтылды

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев сурака эмне себептен чакырылгандыгы маалым болду. Укук коргоочулар Осмоналиевди анын үстүнөн жазылган арыздын негизинде сурака чакырган. Бул тууралуу Октябрский районунун ИИБи маалымдагандыгын 24.kg жазды.

Белгилүү болгондой, май айында укук коргоо органдарына Н.Абдрахманов аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 3-май күнү Facebookтагы «Акыйкат КG» группасына Малика Асылбек кызы жана Кайрат-Кунтуу (Кайрат Осмоналиев) деген аккаунттардан арыздануучунун жана анын кесиптешинин жеке мамилеси тууралуу кадыр-баркына шек келтирген такталбаган маалымат таратылган.

“Арыз кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестерине “Жеке жашоону бузуу” беренеси менен катталган. Пандемияга байланыштуу арыз каралбай, иштер токтоп калган. Учурда абал жакшырып калгандыктан, бизге түшкөн арыздардын баары каралып, анын негизинде тергөөчүлөр  сотко чейинки өндүрүшкө катыштыгы бар жарандарды сурака чакырып жатат. Кайрат Осмоналиев да ошолордун катарында 7-сентябрь күнү чакырылган”,-деп билдирди аталган райондун ИИБи.

Эске салсак, Кайрат Осмоналиев Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына суракка чакырылгандыгы малымдалган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган. Анда ал:

«Мен бул жагдайды парламентке аттанган саясий партиялардын бирин каттабай коюуга каршы чыккан позициям үчүн деп байланыштыргым келбей турат. Бирок мурунку күнү электрондук почтама хакердик чабуул жасалып, мен каттабай коюуга каршы чыккан партия боюнча чечим жоголуп кетиптир», -деген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.