«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Мурат Примбердиев кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруу кеңешинин мурдагы төрагасы Мурат Примбердиев кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматында ал «Манас Менеджмент Компани» ишканасынын айланасындагы жемкорлук схемасына байланыштуу камакка алынды.

“Манас” аэропортун түнү 500 авиация кызматкери кайтарууга чыкты

7-октябрь күнү өлкөнүн башкы аба майданын  ички иштер органдарынын 500дөн ашык кызматкери чыккан. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан Алия Курбанова кабарлады.

“Манас” аэропорту азырынча эл аралык каттамдарга ачылбайт

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими чыкмайынча, “Манас”, Ош аэропорттору эл аралык каттамдарды кабыл албайт. Бул маалыматты аталган аэропорттун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Алия Курбанова билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортуна жарандарды убактылуу кабыл алуучу жай курулуп жатат

Бүгүн, 19-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров “Манас” эл аралык аэропортундагы жарандарды убактылуу кабыл алуучу жайдын курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Москвадан 402 кыргызстандык жаран учуп келди

«Манас» эл аралык аэропортунда кечээ, 29-мартта Москва шаарынан «Аэрофлот» авиа компаниясынын чартердик рейси менен 402 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кубатбек Боронов “Манас” аэропортунда чет жерден келгендер кантип текшерилип жаткандыгына байкоо жүргүздү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, сырттан келген кыргызстандыктарды медициналык кароодон өткөрүү ишин текшерди.

Абылгазиев: жарандык авиацияны өнүктүрүү зарыл

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Манас» эл аралык аэропортун жана аймактык аэропортторду модернизациялоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Аэропортто жардыргыч зат бар деген жалган маалымат тараткан жаран изделүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.
load more