Адвокат: Атамбаевди №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которушту, ал ачкачылык жарыялады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу 26-октябрда «Азаттыкка» анын адвокаты Замир Жоошев билдирген.

Ирина Карамушкина Атамбаевди бошотуп, ордуна өзүн камакка алууну президентке сунуштады

ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, ордуна өзүн камоо сунушу менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Адвокат: Атамбаевдин кан басымы төмөндөп кетти

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начар экенин анын адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» кабарлады.

Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы мөөнөтү 15-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча өткөн кезектеги соттук процесстен кийин адвокат Замир Жоошев билдирди.

Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизадан өтүштү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кодуранова кабарлады. Эл өкүлүнүн айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизада...

ИИМ: Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу 9-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Текебаев: Атамбаевди жоопко тартууга шашылып кереги жок

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев 16-июнда «Азаттык» менен болгон маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, аны кол тийбестиктен ажыратуу туу...

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту 40тан ашуун депутат колдоду

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча сунушту Жогорку Кеңеште 40тан ашуун депутат колдоду. Бул тууралуу депутат Канатбек Исаев төрага Дастанбек Жумабековго кайрылып жатып билдирди.
load more