Атамбаевге пневмония диагнозу коюлуп, ооруканга жаткырылды

Экс президент Алмазбек Атамбаевге эки тараптуу пневмония диагнозу коюлуп, дарылануу үчүн ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады

Биринчи май райондук сотунун «Батукаев иши» боюнча 16-июнда өткөн отурумунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

“Уурулар камалсын!” Бишкекте Атамбаевге каршы митинг өтүп жатат

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жарандар митингге чыгышты. Чогулгандар «Алмазбек Атамбаев командасы менен камалсын!», “Карызды төлөсүн!”, “Уурулар камалсын!” деп кыйкы...

Акыйкатчы: Камактагы Атамбаев менен Осмоналиев ден соолугу начар болуп жатканын айтышты

Акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө абагында кармалып жаткан айрым мурдагы жетекчилер менен жолугуп чыкты.

Ошто ок атышуу кадимки көрүнүшкө айланып баратабы? Видео

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде 26-ноябрь күнү 4 жигиттин мушташы чыгып, натыйжада бир жаран ооруканага түшөт. Дарыгерлер анын жамбашынан белгисиз куралдан жараат алганын аныкташкан. Бирок, жабырлануучу 1 күндөн кийин эле оор...

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө айып пул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды.

Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча алардын жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырг...

Сот Атамбаевдин жансакчысынын баш коргоо чарасын узартты

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагында 9-декабрга чейин кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

ИИМ: Атамбаевдин адвокаттары иш менен таанышууну создуктурууда

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сотко чейинки тергөө аяктаганын адвокаттар Сергей Слесарев менен Замир Жоошевге 30-августта эле билдирген. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
load more